20.07.2018 10:35

Жалал-Абад облусундагы балдар психо-неврологиялык ооруканасын курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абад облусундагы балдар психо-неврологиялык ооруканасын курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абад облусундагы балдар психо-неврологиялык ооруканасын курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын мартында Жалал-Абад облусунун Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган объектини куруу иштерине конкурс жарыялаган. Катышкан компаниялардын бири конкурстун жыйынтыгына макул болбой, чечимге каршы чыккан.

Жыйынтыгында, Мекеме аралык комиссия Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Капиталдык курулуш башкармалыгын  КР «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча» мыйзамына ылайык иш алып барууга милдеттендирген. 

Бирок, башкармалык  бул чечимди тоотпой, тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзөт. Аудитордук текшерүү бул келишимден улам, мамлекетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады. 

Бул факт боюнча 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-берене (Мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүүдө.